2021-жылы «Айыл чарбасын каржылоо» боюнча бериле турган насыя кайра кайтарылат
Келерки жылдан тарта айыл чарба өнүмдөрүн өндүрүүчүлөрдү колдоо максатында бериле турган насыя каражаттары толугу менен кайра кайтарымдуу болот. Мындайча айтканда, «Айыл чарбасын каржылоо-9» долбоорунун алкагында берилген насыя каражаттары жеңилдетилбейт. Бул тууралуу каржы министринин орун басары Улугбек Кармышаков Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы комитетинде Өкмөттүн «Айыл чарбасын каржылоо-8» долбоору боюнча маалымат угулуп жатканда билдирди.
Депутат Кенжебек Бокоев долбоордун алкагында бериле турган 1 млрд 250 млн сом көлүмүндөгү каражатты толугу менен кайтарымдуу кылса болор-болбосуна кызыкты.
Каржы министрлигинин өкүлү насыя каражаттарын толугу менен кайтарымдуу кылса болорун, бирок анда жазгы талаа жумуштары кыйла создугуп каларын билдирди.