2019-ж айыл чарба продукциясын кайра иштетүүчү ишканалар 3,4 млн сомго продукция өндүргөн

23 марта 2020, 17:15

2019-жылы айыл чарба продукциясын кайра иштетүү боюнча ишканалар 30525,4 млн сом суммасын өндүргөн, физикалык көлөмүнүн индекси боюнча – 103,9 %. Бул тууралуу КР өкмөтү билдирди. 

9 439,0 млн сом суммасындагы тамак-аш жана кайра иштетүү өнөр жай продукциясы экспорттолду, бул 2018-жылга салыштырмалуу 22,6 %га көбүрөөк.

Мындан тышкары 2019-жылы 91 чарбакер субъектке 76,9 га аянтына тамчылатып сугаруу орнотулган, 89 тамак-аш жана кайра иштетүү өнөр жай ишканасы түзүлдү, 1141 жаңы жумуш орундары пайда болду. 

Айыл чарба техникасынын лизинг программасынын алкагында 341 даана техника 824,5 млн сомго берилген, ошондой эле айыл чарба товар өндүрүүчүлөрү 1367 даана техниканы түздөн-түз сатып алышты.

Азык-түлүк жана кайра иштетүү өнөр жайы ишканалары үчүн кошумча нарк салыгы (КНС) 80% төмөндөтүлдү.