14-майда банктарды каржылоо максатында аукцион өткөрүлөт

12 мая 2020, 10:00

14-майда «Айыл чарба тармагын каржылоо — 8» долбооруна катышкан банктарды каржылоо максатында насыя аукциону өткөрүлөт. 

Аукциондо 2 млрд сом жайгаштыруу пландаштырылууда. Банктар 20 млн сомдон 450 млн сомго чейин каржыланат. 

Эске сала кетсек, «Айыл чарба тармагын каржылоо — 8» долбоору боюнча 2 аукцион талаптын жоктугуна байланыштуу өткөрүлгөн эмес.