Айыл чарба тармагына 4.9 млрд сом насыя берилген

10 сентября 2020, 15:45

«Айыл чарбасын каржылоо — 8» программасы аркылуу үстүбүздөгү жылдын 4-сентябрында 4.9 млрд сом бөлүнгөн. Бул тууралуу финансы министрлиги маалымдады. 

Насыянын басымдуу бөлүгү Чүй облусуна берилген, ал эми программа аркылуу насыя алгандардын саны Жалал-Абад облусунда көп катталган. 

Каражат алуу боюнча кайрылуулардын басымдуу бөлүгү мал чарбачылыгына багытталган. 

Кошумчалай кетсек, насыялардын 45.5% же 2.2 млрд сому «РСК банк» аркылуу берилген.