Айгүл Рыскулова КМШдагы экономикалык маселелер боюнча комиссиянын КР өкүлү болуп дайындалды

4 февраля 2020, 16:15

Айгүл Рыскулова КМШ Экономикалык кеңешинин экономикалык маселелер боюнча крмиссиясындагы Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин сайтында маалымдалат.

Аталган жарлыкка президент Сооронбай Жээнбеков кол койгон.

Буга чейин Айгүл Рыскулова Бишкек шаарынын вице-меринин кызматын аркалап келген.