Айгүл Телеушева «Айыл Банктын» башкармалыгынын мүчөсү болду

12 января 2023, 13:32

"Айыл Банк" ААКтын аткаруу органында өзгөрүүлөр болду. Бул тууралуу Кыргыз фондулук биржасы билдирди.

Алсак, банктын директорлор кеңешинин чечими менен Эрмек Бакасов ээлеген кызматынан бошотулду.

Анын ордуна Айгүл Телеушева дайындалды.

Белгилеп кетсек, буга чейин Айгүл Телеушева "Бакай Банк" ААК башкармалыгынын орун басары кызматын ээлеп, "Демир Кыргыз Интернэшнл Банк" ЖАКта иштөөгө жетишкен жана ушул эле банктын филиалынын директору болгон.