Аймактардагы ооруканаларга 35 млн сомго муздаткычтар тапшырылды

28 декабря 2023, 15:31

ЮНИСЕФ Кыргызстан боюнча саламаттыкты сактоо мекемелерине вакциналарды сактоо үчүн 11 жаңы муздаткыч тапшырды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. 

Маалыматка ылайык, жабдуулардын жана аларды орнотуунун жалпы баасы 35 млн сомдон ашат. Бул объекттер Канада өкмөтү тарабынан вакциналардын коопсуз сакталышын камсыздоо боюнча глобалдык демилгенин алкагында каржыланат.

Муздаткыч камералар Баткен, Чүй, Ысык-Көл, Жалал-Абад, Нарын жана Ош облустарына орнотулат. Бул аймактар Саламаттыкты сактоо министрлиги менен макулдашып, ар бир аймактын өзгөчө муктаждыктарын эске алуу менен тандалып алынган.