Аймактарда каржы сабаттуулугу боюнча окутуулар башталды

23 мая 2023, 10:20

Кечээ, 22-майда Ысык-Көл, Нарын, Талас жана Чүй облустарынын тургундары үчүн финансылык сабаттуулук боюнча семинарлар башталды. Бул тууралуу Улуттук банк билдирди.

Белгиленгендей, семинарлардын максаты калкты жеке каржыны башкарууга үйрөтүү, аларга финансылык өнүмдөрдү жана кызматтарды, анын ичинде электрондук өнүмдөрдү колдонуу жөнүндө маалымат берүү. Ошондой эле инвестиция, салык, камсыздандыруу жана финансылык коопсуздук менен тааныштыруу. 

Семинарлар ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин колдоосу менен Улуттук банк тарабынан өткөрүлүүдө. Семинарга катышуу акысыз.