Айтмамат Назаров жергиликтүү кеңештин депутаттары менен жолугушту

15 ноября 2019, 16:00

Улуттук энергохолдингдин Башкармалыгынын Төрагасы Айтмамат Назаров Баткен облусунун Баткен районунун Кара бак айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин депутаттары менен жолугушту. Бул тууралуу Улуттук энерго холдингтин басма сөз кызматы билдирет. 

Жолугушуу учурунда жергиликтүү кеңештин депутаттары Зардалы жана жаңы үй курулуштары жүруп жаткан Кызыл-Бел айылдарына электр энергия маселесин чечип берүүнү жана эскилиги жеткен электр линияларын алмаштырып берүүнү өтүнүштү. 

Айтмамат Назаров чек арага чектеш жана алыскы аймактагы айылдарды электр энергия менен камсыз кылуу - башкы мааниге ээ экенин билдирди.