«Айыл Банк» Баткен элине алты автобус тапшырды

24 ноября 2022, 09:48

“Айыл Банк” Баткен шаарынын мэриясына алты жылдык мөөнөткө лизингге алынган алты автобусту тапшырды.

Ар бир автобустун баасы 3 миллион 70 миң сомго бааланууда. Алар шаардын муниципалдык базасына жеткирилди. 

Белгилей кетсек, Баткен шаары макам алгандан бери алгач ирет автобустарга ээ болуп жатат. 

Өз кезегинде жергиликтүү тургундар “Айыл Банкка” көрсөтүлгөн жардам үчүн ыраазычылыктарын билдиришти.

Эске салсак, буга чейин шаардын мэриясы банк менен айыл чарба техникаларын лизингге берүү боюнча кызматташып келген.