«Айыл Банк» менен «Россельхозбанк» айыл чарба продукциясын экспорттоого салым кошот

16 августа 2021, 11:00

"Айыл Банк" менен Россельхозбанк кызматташуу боюнча меморандумга кол коюшту. Бул тууралуу "Айыл Банктын" расмий сайтында маалымдалды.

Кол коюлган меморандум Кыргызстан менен Орусиянын ортосундагы айыл чарба продукциясын экспорттоо, ошондой эле сооданы каржылоо жана банктар аралык кызматташуу боюнча өз ара аракеттенүүнү көздөйт. 

Бул кызматташтыктын максаты ошондой эле Россия Федерациясынын жана Кыргыз Республикасынын агроөнөр жай комплексинин жана экономикасынын башка тармактарынын продукциясын экспорттоого колдоо көрсөтүү болуп саналат.

Тараптар эки мамлекеттин жарандары үчүн биргелешкен банк продуктуларын өнүктүрүүнү аныкташканын, анын ичинде "РСХБ-Экспресс" (Россельхозбанк) жана "Береке" (Айыл Банк) акча которуу системаларынын интеграциясын аныкташканы маалым болду.