«Айыл Банк» таза пайданын 100%ын дивиденддерди төлөөгө жумшайт

30 марта 2023, 09:16

Кечээ, 29-мартта “Айыл Банк” ААКсынын акционерлеринин жылдык жалпы чогулушу өттү. Иш-чаранын жыйынтыгы боюнча банк Башкармасынын төрагасы Тилек Алимжанов баяндама жасады.

Тилек Алимжанов “Айыл Банк” ишмердүүлүгүнүн бардык багыттары боюнча оң тенденцияны сактап, өзүнүн каржылык туруктуулугун тастыктаганын белгиледи.

“Жыйналышта 2022-жылдын жыйынтыгы боюнча таза пайданын 100% өлчөмүндө дивиденддер төлөнүп бериле тургандыгы бекитилди”, - деп белгилешти банктан.