«‎Айыл Банк»‎ 13 млн сомдон ашык акчага төлөм терминалдарын сатып алат

19 апреля 2021, 09:34

Мамлекеттик сатып алуулар порталынын маалыматына ылайык, "Айыл Банк" төлөм терминалдарын сатып алууга тендер жарыялады.

Тендердик табыштаманын жалпы наркы 13 миллион 30 миң сомду түзөт. Бул суммага 50 терминалды сатып алуу кирет. Алардын 40ы жөнөкөй төлөм терминалдары, тогузу нак акча берүүчү функциясы бар, дагы бирөөсүнүн төлөм карталарын жана штрих кодун окуган накталай акча берүү функциясы бар.