«Айыл Банк» уставдык капиталын көбөйтөт

15 августа 2022, 15:46

Бүгүн, 15-августта 100% мамлекетке тиешелүү “Айыл Банк” ААКсы биржанын биринчи рыногунда 700 миллион сомго бүтүм жүргүздү. Бул тууралуу Кыргыз фондулук биржасынын маалыматы тастыктайт.

Ар бири 10 миң сомдон жалпысынан 70 миң жөнөкөй акция сатылганы такталган. Бул жакын арада банк өзүнүн уставдык капиталын (июль айынын аягында 5,9 млрд сомду түзгөн) жогорулатат дегенди билдирет. Ошентип, капиталдаштыруудан кийин ал 6,6 миллиард сомго чейин өсөт.

Кошумчалай кетсек, өткөн жылы 2021-жылдын июлунан ушул жылдын июль айына чейин “Айыл Банктын” уставдык капиталы 2,4 миллиард сомго көбөйтүлгөн.