«Айыл Банк» уставдык капиталын көбөйтөт

2 мая 2023, 14:22

15-майда “Айыл Банктын” акционерлеринин кезексиз жалпы чогулушу болот. Бул тууралуу Кыргыз фондулук биржасы билдирди. 

Жыйында банктын Шарият кеңешинин мүчөлөрүнүн ыйгарым укуктарын токтотуу жана жаңы курамды шайлоо талкууланат.

“Ошондой эле, алар  уставдык капиталды көбөйтүү маселесин талкуулашат жана “Айыл Банк” ААКтын жаңы редакциясынын уставын бекитишет”, - деп белгилейт Кыргыз фондулук биржасы.