«Айыл Банк» мамлекетке 201 млн сомдон ашык дивиденд төлөдү

21 декабря 2022, 14:31

"Айыл Банк" ААК 2021-жылы жалгыз акционер мамлекетке 201 миллион сомдон ашык дивиденддерди төлөгөн. Бул тууралуу Кыргыз фондулук биржасынан билдиришти.

Муну менен өлкөнүн бюджети 201 миллион 92,3 миң сомго толукталды.

Белгилеп кетсек, "Айыл Банк" ААК мамлекеттик банк (мамлекеттик үлүшү 100%).