«‎Айыл Банк» 17 млн сомдон ашык акчага банкомат сатып алат

20 августа 2021, 10:14

"Айыл Банк" банкоматтарды сатып алууга тендер жарыялады. Бул тууралуу мамлекеттик сатып алуулар порталында жазылды.

Тендердик табыштаманын жалпы суммасы 17 миллион 387 миң 480 сомду түзөт. Ага жалпы баасы 15 миллион 290,8 миң сомдук 14 жаңы дубал аралык банкомат, ошондой эле ар биринин баасы бир миллион сомдон ашкан эки офистик банкомат сатып алуу кирет.

Мындан тышкары, төлөм жаңы жабдууларды жеткирүүнү жана бир жыл бою анын кепилдик кызматын камтыйт.