«Айыл Банк» жеке ишкерлерге колдоо көрсөтүүдө

24 февраля 2023, 10:35

Жеке ишкер Жайчыбек Мааткерим уулу “Айыл Банктын” туруктуу кардары. Ал кадимки сүттөн сырдын бир нече түрүн өндүрөт. 

“Айыл чарбасын каржылоо” программасынын алкагында “Айыл Банктан” 6%дык жеңилдетилген насыя алып, ишканасын кеңейтип, өндүрүш көлөмүн көбөйтүп алган. Сезондо 10 тоннага чейин сүттү кайра иштетип, 1 тоннага чейин сыр чыгарат. 

Ишкерчилигине колдоо болгон мамлекетке жана мамлекеттик программаларды ишке ашыруучу банкка ыраазы экенин белгилейт.