Айыл чарба багытында агрохаб окуу борбору ачылды

26 марта 2024, 17:01

Органикалык айыл чарба департаментинин имаратында жаңы уюштурулган агрохаб окуу борборунун ачылыш аземи өттү. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди.  

Окуу борбордун максаты "Табышкер" жана "Жаштар, санариптештирүү, лидерлик жана жашыл көндүмдөр үчүн" долбоорлорун ишке ашыруунун алкагында өз ара пайдалуу биргелешкен ишмердүүлүккө багытталган тараптардын узак мөөнөттүү, натыйжалуу жана өз ара пайдалуу кызматташтыгын өнүктүрүү болуп саналат.