Айыл чарба министринин үч орун басары кызматтан бошотулду

15 марта 2024, 10:30

Амил Алияскаров айыл чарба министринин орун басары кызматынан бошотулду. Тиешелүү тескемеге министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду.

Министрлер кабинетинин башчысы кол койгон дагы бир тескемеге ылайык, Айнура Туйбаева айыл чарба министринин санариптик өнүктүрүү боюнча орун басары кызматынан бошотулду.

Буга чейин Мурат Раматов мекеменин биринчи орун басарлыгынан алынган.