Айыл чарба министрлигине жаңы орун басарлар дайындалды

15 марта 2024, 11:40

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине жаңы орун басарлар дайындалды.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун тиешелүү тескемесине ылайык, бул кызматтарга Мирбек Дүйшеев, Асел Кененбаева жана Кубат Касейинов келди.

Ал эми мекеменин буга чейинки орун басарлары Айнура Туйбаева, Маил Алияскаров жана Мурат Раматов кызматтан бошотулду.