«Айыл чарбасын каржылоо - 11» долбоору бекитилди

14 марта 2023, 13:11

Министрлер кабинетинин токтому менен "Айыл чарбасын каржылоо - 11" долбоору бекитилди. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди. 

Маалыматка ылайык, аталган долбоор жазгы талаа иштерин өз убагында жүргүзүү үчүн айыл чарба өнүмдөрүн өндүрүүчүлөргө мамлекеттик колдоо көрсөтүү максатын көздөйт.

“Каржы министрлиги менен “Айыл Банк” жана “РСК Банк” ААКтын ортосунда “Айыл чарбасын каржылоо - 11” долбоорун ишке ашырууга катышуу жөнүндө макулдашууга кол коюлду", - деп айтылат маалыматта.