«Айыл чарбасын каржылоо–11» программасы боюнча 2,5 млрд сом насыя берилди

29 мая 2023, 12:25

Ушул айдын 26-майына карата “Айыл чарбасын каржылоо–11” программасынын алкагында дыйкандарга 2 млрд. 540 млн. 795 миң сомдук 5 миң 637 жеңилдетилген насыя берилди. Бул тууралуу Айыл чарба министринин биринчи орун басары Нурдин Алишеров “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында билдирди.

Анын айтымында, 602 млн. 229 миң сомдук 1 миң 461 жеңилдетилген насыя “өсүмдүк өстүрүү” категориясы боюнча, ал эми “мал чарбачылыгы” категориясы боюнча 1 млрд. 938 млн. 566 миң сомдук 4 миң 176 жеңилдетилген насыя берилген.