«Айыл чарбасын каржылоо» долбоору жоюлат

15 февраля 2024, 12:50

"Айыл чарбасын каржылоо" долбоору кийинки жылдан тарта жоюлат. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары — Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министри Бакыт Төрөбаев билдирди.

Анын айтымында, 2025-жылдан тарта жеңилдетилген насыялар жалаң гана кооперативдерге берилет.

"Аларга кулач жаюу үчүн министрлик тарабынан ар тараптуу колдоо көрсөтүлөт", - деди Төрөбаев.