Айып пулун төлөбөгөн тез жардам унаалары тартып алынат

30 ноября 2023, 14:55

Айып пулду төлөбөгөнү үчүн тез жардам унаалары тартып алынышы мүмкүн. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Кундузбек Сулайманов билдирди.

Анын айтымында, Бишкек шаардык саламаттыкты сактоо департаменти ага ушундай арыз менен кайрылган.

Сот аткаруучулар унааларды тартып алабыз деп коркутуп жаткандыктан, депутат тез жардам унаасынын айып пулу боюнча маселени чечүү үчүн Министрлер кабинетинин парламенттеги өкүлү Алмасбек Абытовго кайрылды.