Ак-Бата конушунда 650 орундуу мектептин курулушу башталды

12 марта 2024, 15:21

Бишкек мэриясынын капиталдык курулуш башкармалыгы Ак-Бата конушунда 650 орундуу мектеп кура баштады. Бул тууралуу аталган мекемден билдиришти. 

Маалыматка ылайык, мектеп эки кабаттуу болуп, тогуз блоктон турат. Жер тилкесинин жалпы аянты 1,08 гектарды түзөт. 22 студенттик класс бар. 

Белгиленгендей, мектепти “Эталон Вин Спец Строй” ЖЧКсы курат.

Имаратта окуу бөлмөлөрү, спорт залы, ашкана, стоматологиялык кабинет, балдар устаканасы, китепкана, конференц-зал жана музыкалык бөлмө бар.