Ак-Кула ат майданынын баштапкы аукциондук баасы 8,7 млн сомду түзөт

3 апреля 2024, 11:04

Бишкек шаарынын мэриясы эски Ак-Кула ипподромунун (45,73 гектар) жер тилкесин аукционго коет. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. 

Тиешелүү чечимди муниципалдык менчикти менчиктештирүү жол-жоболорун ишке ашыруу боюнча комиссия кабыл алды.

Белгилеп кетсек, көз карандысыз эксперт тарабынан объекттин баштапкы баасы менен белгиленген 8 млн 731 млн 917 миң сом өлчөмүндө баалоо жүргүзүлгөн. 

Электрондук аукционго катышуу үчүн катышуучу жарыяланган сатуунун баштапкы суммасынан 10% өлчөмүндө кепилдик төлөмдү төлөшү керек. 

Аукциондун кадамынын өлчөмү лоттун баштапкы баасынын 20% түзөт.