Ак-Ордо конушундагы Жылуулук электр борбору ишке кирет

5 марта 2024, 18:00

“Ак-Ордо” жаңы конушундагы Жылуулук электр борбору кайра ишке киргизилет. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин отун-энергетикалык комплекс боюнча комитетинин жыйынында энергетика министри Таалайбек Ибраев билдирди.

Анын айтымында,Түркия инвестор менен борборду иштетүү боюнча келишимге кол коюлду.

“ЖЭБтин имараты калат. Анын 47 гектар жери бизге таандык. Айланасына үйлөр курулуп кеткен бирок аларды көчүрбөйбүз. Түрк ишкерлери менен ишке киргизип,  газ жана жылуулук иштетип чыгарып баштайбыз”, - деди ал.

Белгилеп кетсек, ЖЭ-2инин курулушу 1986-жылы башталган.