Ак-Суу районунда 86,6 млн сомго бала бакча салынат

19 апреля 2024, 14:16

Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы Курбу айылында 100 орундуу бала бакча курулат. Бул тууралуу Мамлекеттик сатып алуу порталына жарыяланды. 

Объекттин сметалык баасы 86 млн 651 миң 886 сомду түзүп, сынактык арыздар 7-майга чейин кабыл алынат.  

Тендерди Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигине караштуу Курулуш жана инженердик инфраструктура боюнча аймактык башкармалык жарыялаган.