Ак-Талаа районунда 66 млн сомго оорукана курулат

24 ноября 2023, 09:33

Ак-Талаа районунун Кош-Дөбө айылында оорукана куруу пландалууда. Бул тууралуу Мамлекеттик сатып алуулар порталына жарыяланды. 

Маалыматка ылайык, оорукана 20 орунга ылайыкталган. 

Курулуштун сметалык баасы 66 млн 241 миң. 949 сом, конкурстук арыздарды берүүнүн акыркы мөөнөтү 8-декабрга чейин. 

Курулушка тендерди Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигине караштуу Нарын райондук курулуш жана инженердик инфраструктура башкармалыгы жарыялаган.