Ак-Талаа районунда «Унаа» мекемесинин бөлүмү ачылды

3 марта 2023, 17:26

Быйыл 1-марттан тарта “Унаа” мамлекеттик мекемесинин Ак-Талаадагы филиалы иштей баштады. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, “Унаа” мамлекеттик мекемесинин Ак-Талаадагы филиалы Баетов айылында “Ак-Талаа районунун суу чарба башкармалыгы” мамлекеттик мекемесинин имаратында жайгашкан. Ал жерде жарандарга транспорт каражаттарын каттоо (кайра каттоо) жана унааларды эсепке алуу (чыгаруу) боюнча кызмат көрсөтүлөт.