«Ак-Тилек» жана «Чалдовар» контролдук-өткөрмө пунктунда аткезчилик аныкталды

4 марта 2021, 10:20

Кыргыз-казак мамлекеттик чек арасында ЕАЭБге мүчө мамлекеттерден бир катар товар ташып кирүүдө бузуу фактылары аныкталды. Бул тууралуу салык кызматы кабарлады. 

 

Маалыматка ылайык, «Ак-Тилек» контролдук-өткөрмө пунктунда 40 тонна аммофос (жер семирткич), 20 тонна водоэмульсия, 19 тонна чала фабрикат, 20 тонна тоок этинен фарш, 20 тонна канаттунун этин алып өтүп бара жаткандар аныкталды.

Ал эми «Чалдовар» контролдук-өткөрмө пунктунда 70 куб метр пиломатериалдын, «Чон-Капка» контролдук-өткөрмө пунктунда – 20 тонна полиэтилендин мыйзамсыз ташылып кирүүсү аныкталды.

Текшерүү учурунда, импортточулардын бардыгында коштоочу документтер жана товарды ташууга салык органынын маалымкаты болгон эмес.