«Манас» аэропортунун акциялары жаңы рекорд койду

10 ноября 2021, 10:01

Соңку соода аптасындагы акыркы бүтүмдөрдүн жыйынтыгында, 1-ноябрдан 5-ноябрга чейин “Манас” аэропортунун акциялары кезектеги өсүштү көрсөттү. Бул тууралуу Кыргыз фондулук биржасынын сайтында маалымдалды.

Ошентип, эки операциянын жыйынтыгында компаниянын 95 баалуу кагазы 52 миң 250 сомго, башкача айтканда, бир акция 550 сомдон сатылган. Бул жаңы рекорд, ага чейин аба портунун акцияларын сатуунун максималдуу баасы 500 сомго бааланып, жыл башынан бери 53,8%га өскөн.

Муну менен жыл башынан бери акциялардын өсүшү 69,23%ды түздү.