«Манас» аэропортунун акциялары 20%га арзандады

17 января 2023, 16:44

Бүгүн, 17-январда Кыргыз фондулук биржасынын системасында “Манас” эл аралык аэропорту” ачык акционердик коомунун баалуу кагаздары менен эки бүтүм катталды. Маалымат биржанын сайтында жайгаштырылган.

Экинчи рыноктогу сооданын жыйынтыгында 880 даана акция 704 миң сомго сатылды. Акциянын баасы 800 сомду түздү.

Белгилеп кетсек, 29-декабрда бир акциянын баасы 1000 сомду түзгөн Кыргыз фондулук биржасындагы акыркы бүтүмдөн бери аэропорттун акцияларынын баасы 20%га түшүп кетти.