«Манас» аэропортунун акциялары арзандап жатат

14 сентября 2021, 16:43

Кыргыз фондулук биржасынын маалыматына ылайык, 6-сентябрдан 10-сентябрга чейин, "Эл аралык Манас аэропорту" ААКсынын акциялары менен жалпы суммасы 500 миң сомго бир нече бүтүмдөр жүргүзүлгөн.

Бүтүмдөрдүн бирине ылайык, баалуу кагаздардын баасы 350 сомго чейин көтөрүлгөн, бирок соода жумасынын аягында баа 335 сомго (-4,2%) төмөндөгөн.

Бүгүн, 14 -сентябрда "Манас" аэропортунун акцияларын 66,4 миң сомго сатуу боюнча аукциондо дагы бир бүтүм болду. Жалпысынан 200 баалуу кагаз бир акцияга 332 сомдон сатылды. Ошентип, акыркы бүтүмдүн жыйынтыгы боюнча акциялардын баасы дагы 0,89%га, ал эми жогорудан 5,14%га төмөндөдү.