«Манас» аэропортунун акциялары жыл башынан бери дээрлик 54%га өстү

1 ноября 2021, 17:10

“Манас” аэропортунун жөнөкөй акциялары менен 29-октябрда жүргүзүлгөн акыркы эки бүтүмдүн жыйынтыгы боюнча ААКнын акциясынын баасы 500 сом деңгээлинде белгиленген. Бул аба портунун акцияларынын наркы боюнча жаңы рекорд.

Ошентип, эки бүтүмдүн жыйынтыгында 272 акция 136 миң сомго сатылды.

Буга чейинки рекорд 18-октябрда коюлуп, баалуу кагаздар акциясы 400 сомдон сатылган. Ошентип, эки жумага жетпеген убакытта акциялар 25%, ал эми жыл башынан бери 53,8% (325 сомдон) өстү.