«Манас» аэропортунун акциялары жаңы рекорд койду

19 октября 2021, 09:59

Кыргыз фондулук биржасынын тутумунда 18-октябрдагы сооданын жыйынтыгы боюнча "Манас" эл аралык аэропортунун акциялары менен эки бүтүм катталган. Алардын жалпы суммасы 300 миң сомду түзүп, бардыгы болуп 750 баалуу кагаз сатылган.

Аба порттун акциялары бир акция үчүн 400 сомго жетти. Бул жаңы рекорд. Мурдагы соодалашуунун жыйынтыгында баалуу кагаздардын баасы 360 сомду түзүп, 2,85%га жогорулаган.

Кошумчалай кетсек, ушул жылдын башынан бери "Манас" аэропортунун акциялары 325 сомдон 23,07%га өстү.