«Кыргызстан» банкынын акциялары 1 млн 400 миң сомдон ашыкка сатылды
Экинчи рынокто “Кыргызстан” коммерциялык банкынын 306 миң 66 жөнөкөй акциясы сатылды. Бул тууралуу маалымат Кыргыз фондулук биржасынын сайтында жайгаштырылган.
Жалпысынан 1 миллион 423 миң 207 сомго тогуз бүтүм түзүлгөн. Бардык бүтүмдөр боюнча акциялардын сатуу баасы бир акцияга 4,65 сомду түздү, жайгаштыруу баасы 5 сом болду.
Муну менен “Кыргызстан” коммерциялык банкынын акцияларынын жалпы пакетинин 0,4% экинчилик рынокто сатылган.