«Кыргызстан» банкынын акциялары орточо баадан 20% жогору сатылды

16 ноября 2022, 17:46

Кыргыз фондулук биржасынын сайтында бүгүн, 16-ноябрда “Кыргызстан” коммерциялык банкынын жөнөкөй акциялары менен тогуз бүтүм катталды. Бул тууралуу тийиштүү мекеменин сайтына жарыяланды. 

Жалпысынан 11 миң 980 акция 76 миң 244 сомго сатылды. Ал эми баалуу кагаздар 5,8431 сом 7,01 сом чегинде сатылды.

Эң ири бүтүм 37,5 миң сомго сатылып, орточо баадан 19,97% жогору болду. Ал 16-ноябрда өткөн комбанктардын акцияларынын жалпы соода көлөмүнүн 49,2%ын түздү.