Көпчүлүк стратегиялык компаниялардын акциялары өткөн аптада арзандады

14 октября 2021, 14:36

Өткөн соода жумасы Кыргызстандын стратегиялык компаниялары үчүн жакшы болгон жок. Бүтүмдөрдүн натыйжасында беш компаниянын үчөөнүн акциялары наркын жоготкон. Бул тууралуу Кыргыз фондулук биржасынын сайтында маалымдалды.

Стратегиялык компаниялардын баалуу кагаздары менен соодалоонун жалпы көлөмү сегиз бүтүмдүн жыйынтыгы боюнча 300 миң сомду түздү. Алардын арасында "Бишкекжылуулук", "Кыргызтелеком", "Кыргызстандын электр тармактары" ишканалары, "Манас" эл аралык аэропорту жана" Түндүкэлектр" ишканасынын акциялары бар.

Акыркы эки компаниянын баалуу кагаздары өсүштү көрсөттү, "Манас" аэропорту (+10 сом), "Түндүкэлектр" (+0,03 сом). Ошол эле учурда "Бишкекжылуулук" (-0.03 сом), "Кыргызтелеком" (-0.2 сом) жана "Кыргызстандын электр тармактарынын" (-0.15 сом) акциялары төмөндөгөн.