«Центерра Голддун» ​ акциялары кайра жогорулай баштады

11 мая 2021, 23:16

“Центерра Голддун” акциялары бир төмөндөгөндөн кийин кайра көтөрүлдү 11-майда Торонтодогу фондулук биржада соода-сатыктын ачылышында “Центерра Голд” акциялары 8,48 канадалык долларга же 7,01 долларга сатылды, күндүн акырына карата бир баалуу кагаздын баасы 9,11 канадалык долларга (7,53 доллар) чейин көтөрүлдү.

Ошентип, учурда акция баасы 10,42% га өсүп жатат.

Эске салсак, 7-майда Торонто фондулук биржасында "Центерра Голд" 29,97% түшүп кеткен. Эксперттер муну компаниянын Кыргызстандагы "Кумтөр" кенин иштетүү учурунда экологиялык стандарттарды бузгандыгы тууралуу билдирүүлөр менен байланыштырышты.