Бүгүнкү күндө инвесторлор компаниялардын кайсы акцияларын сатып алууну каалашат?

24 ноября 2021, 17:04

Кыргыз фондулук биржасынын 24-ноябрга карата котировкаларында 20 ата мекендик компаниянын акцияларын сатып алуу боюнча сунуштар ачык. Негизинен баалуу кагаздардын саны боюнча энергетикалык компаниялардын акцияларын сатып алуу боюнча билдирмелер бар.

Алсак, "Түндүк электр" ААКнын 215 миң 100 даана жана "Электр станциялары" ААКсынын 78 миң 277 баалуу кагазын сатып алууга арыз ачылган.

Ошол эле учурда инвесторлор "Медиа Форум" ААКсынын акциялары үчүн эң көп төлөөгө даяр – бир акция үчүн 3 миң сомдон.