«Кыргызнефтегаздын» акциялары КФБнын экинчилик рыногунда 271 миң сомго сатылды
Кыргыз фондулук биржасынын аянтчасында “Кыргызнефтегаз” ААКсынын акциялары менен келишим түзүлдү. Мындай маалыматтар соода жыйынтыгы бөлүмүндө жайгаштырылган.
Бүтүмдүн суммасы 270,9 миң сомду түздү. Бардыгы болуп 1 миң 260 акция бир нускасы 215 сомдон сатылган.
Кошумчалай кетсек, октябрь айында “Кыргызнефтегаздын” жөнөкөй акциялары менен сооданын көлөмү 3 миллион 120 миң сомду түзгөн. Баалуу кагаздардын баасы 200-230 сомдун чегинде болгон. Ошентип, акыркы соода сессиясынын жыйынтыгы боюнча акциялар октябрь айындагы эң төмөнкү мааниге чейин 7,5%га жогорулады, ал эми эң жогорку баага чейин 6,5%га төмөндөдү.