«Кыргызнефтегаздын» акциялары 5,7%га арзандады

5 апреля 2024, 14:55

Бүгүн Кыргыз фондулук биржа системасында “Кыргызнефтегаз” ААКнын акциялары менен бир бүтүм катталды.

Экинчи рыноктогу соодалоонун жүрүшүндө жалпысынан “Кыргызнефтнгаздын” 2 миң жөнөкөй акциясы сатылды. Бир нускасынын баасы 250 сом. Ошентип бүтүмдүн жалпы суммасы 500 миң сомду түздү.

2-апрелдеги соодага салыштырмалуу “Кыргызнефтегаздын” акциялары 265 сомдон 5,7%га арзандады.