«Кыргызнефтегаздын» акциялары 5% кымбаттады

24 октября 2022, 17:00

Бүгүн, 24-октябрда Кыргыз фондулук биржасынын системасында “Кыргызнефтегаз” ачык акционердик коомунун баалуу кагаздары менен бүтүм катталды. Маалымат биржанын сайтына жарыяланды. 

Экинчи рыноктогу сооданын жыйынтыгында бир адамга 340,2 миң сомго 1620 даана акция сатылган. Акциянын баасы 210 сомду түздү.

Кошумчалай кетсек, акыркы аукционго салыштырмалуу 21-октябрда акциянын баасы 5%га кымбаттаган.