«Кыргызнефтегаздын» акциялары 1,5 млрд сомдон ашык каражатка сатылды

16 января 2024, 16:16

Бүгүн Кыргыз фондулук биржа системасында “Кыргызнефтегаз” ААКнын акциялары менен бүтүм катталды. 

Соода экинчилик рынокто өтүп, баалуу кагаздарды акционерлердин бири саткан. 

Аукциондо жалпысынан “Кыргызнефтегаздын” 6 миң 162 жөнөкөй акциясы сатылды. Бир нускасынын баасы 250 сом. Ошентип, бүтүмдүн жалпы суммасы 1,5 млн сомду түздү.