«Кыргызнефтегаздын» акциялары 500 миң сомдон ашык баага сатылды

12 марта 2024, 09:54

Кыргыз фондулук биржа системасында “Кыргызнефтегаз” ААКнын акциялары менен үч бүтүм катталды.

Соодада жалпысынан “Кыргызнефтегаздын” 1 миң 950 жөнөкөй акциясы сатылган. Бир нускасынын баасы 270 сомду түзөт. Ошентип, бүтүмдүн жалпы суммасы 526,5 миң сом болду.

Эске салсак, буга чейин 6-мартта компаниянын 2 миң 352 акциясы экинчи рынокто сатылган. Сооданын жалпы суммасы 634,5 миң сомду түзгөн.