«Кыргызмунайгаздын» акциялары 1 млн 300 миң сомго сатылды

28 марта 2024, 17:40

Бүгүн Кыргыз фондулук биржа системасында “Кыргызнефтегаз” ААКнын акциялары менен төрт бүтүм катталды. 

Экинчи соодада жалпысынан “Кыргызмунайгаздын” 5 миң 108 жөнөкөй акциясы сатылды. Бир нускасынын баасы 265 сомду түзөт. Ошентип бүтүмдүн жалпы суммасы 1 млн 353 миң 620 сомду түздү.

Эске сала кетсек, бир күн мурун компаниянын 800 акциясы 212 миң сомго сатылган.