«Кыргызнефтегаздын» акциялары дээрлик жарым млн сомго сатылды

13 декабря 2022, 11:10

Кечээ, 12-декабрда Кыргыз фондулук биржасында “Кыргызнефтегаз” ААКнын акциялары менен эки бүтүм катталды. Маалыматтар соода жыйынтыгы бөлүмүнө жарыяланды. 

Бүтүмдүн суммасы 479,7 миң сомду түздү. Анда нускасы 215 сомдон жалпы 2231 акция сатылган. 

Кошумчалай кетсек, декабрь айынын башынан бери “Кыргызнефтегаздын” акцияларынын баасы 215 сомдун деңгээлинде турат.