Мбанктын акциялары кымбаттоодо. Биржада алар 11,7 млн сомго сатылды

18 апреля 2024, 16:20

Кыргыз фондулук биржасынын соода аянтчасынын экинчилик рыногунда Кыргызстан коммерциялык банкы - Мбанктын акцияларын сатуу боюнча жети бүтүм катталды. Бул тууралуу КФБнын сайтына жарыяланды. 

Жалпысынан 1 млн 62 миң 761 жөнөкөй акция 11 млн 690 миң 397 сомго сатылды. Бир акциянын баасы 11 сомду түздү.

Эске сала кетсек, буга чейин 11-апрелде биржанын экинчилик рыногунда жалпы суммасы 13 млн сомго 1,3 млн жөнөкөй акция сатылган. Акциялардын сатуу баасы бардык операциялар боюнча 10 сомду түздү. Ошентип банктын акциялары кымбаттады.

Кошумчалай кетсек, Мбанктын акцияларын жайгаштыруу баасы 5 сомду түзөт.